Сүйүнчү! Шоумен Дастан Махамадмурза менен жубайы Хадижа Камалидинова уулдуу болушту

Шоумен Дастан Махамадмурзанын жубайы ырчы Хадижа Камалидинова көз жарды. Жаш жубайлар уулдуу болушту. Жагымдуу жаңылыгын Дастан Махамадмурза социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Сүйүнчү! Уулдуу болдук. Хадижа мен сени сүйөм, бар бол», — деп жазды ал.

Блогер Дастан Махамадмурза 2022-жылдын 28-ноябрында сүйүктүүсү Хадижа экөө баш кошуп, той өткөрүшкөн. Ал эми сентябрь айында «гендер пати» уюштурушуп, уулдуу болорун билишкен.