Сүйүнчү! Ырчы Алмаз Шаадаев ата статусуна ээ болду

Ырчы Алмаз Шаадаевдин жубайы көз жарып, ырчы мырза ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында сүйүнчүлөдү.

Маалыматка караганда, жубайы кечээ, 31-мартта көз жарган. «Орозонун ыйык күнүндө Кудайым бизге кыз белек кылды. Кыздуу болдук»,- деп жазды ал.

Алмаз Шаадаев сүйүктүүсү Алина менен өткөн жылдын 24-июнь күнү үлпөт той өткөрүшкөн.