Сүйүнчү! Ырчы Добр уулдуу болду

Ырчы Добр бүгүн, 5-октябрда уулдуу болду. Ал жагымдуу жаңылыгын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги менен бөлүшүп, буларга токтолду.

“Келинчегим түнкү саат 3 жарымда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Уулумдун салмагы 3 килограмм 220 грамм, бою 49 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Ошентип 2 уул, 1 кыздын атасы бодум”, — дейт кубанган ырчы.