«Сүйүүнүн керемети» ыры эми казак тилинде жаңырат (видео)

«Сүйүүнүн керемети» ыры эми казак тилинде жаңырат. Бул тууралуу ырдын автору Замирбек Казакбай уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

«Көбү Мирбек Иманбековдун ыры деп билишет. Ал аткаруучу. Мени журналист катары тааныгандар үчүн жаңылык болсо керек. «Сүйүүнүн керемети» буюрса жакында казак тилинде жарыкка чыгат», — деп жазды ал.