«Сүйүүнүн көзү сокур экен» дейт якутка келин болгон мигрант

Учурда Бишкекте Орусияда көп жыл мигрант болуп, чет элдеги жашоону жон териси менен сезген Уулжан Даулетбекованын «Дневник мигранта» аттуу тасмасы көрсөтүлүүдө. Биз дал ошол тасманын режиссеру менен сүйлөштүк.

Анын айтымында, жолдошу якут. «Сүйүүнүн көзү сокур экен. Мен улутуна, байлыгына караган жокмун. Биз көп жылдан бери таанышпыз»,— деди ал.