«Сынактардын артында мафия барбы?» Гүлнур Асанованын билдирүүсүнө министрлик жооп берди

Кечээ, 21-июнь күнү Гүлнур Асанова «Ысык-Көлдөгү кадыр түн» фестивалына байланыштуу бир топ маалыматтарды ачыктаган. 2011-жылы фестивалдын алдынан маданият министринин орун басары аны чакырып, жеке мамилеге макул болсо, жеңишти берерин айтканын жана фестивалда татыктуу чыгып, элдин колдоосуна арзыганы менен орунга илинбей калганын, ал жакта мафия түзүлүп калганын айтып чыккан.

Гүлнур Асанованын билдирүүсү боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мындай маалыматты фестиваль өткөн жылы иштегендер билбесе, азыр кызматкерлер алмашып кеткендигин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

«Негизи министрлик тарабынан уюштурулган фестиваль, ыр сынактарына чыгармачылыкты түшүнгөн адамдардан калыстар тобу куралат. Сынакты бир адам чечип коюшу мүмкүн эмес. Ар бир калыстын пикири эске алынып, анан жыйынтык чыгарылат. Бизде мафия болушу мүмкүн эмес», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.