«Сүрөт кыздардын окууга болгон умтулуусун колдоо маанилүү экенин эскертет». Ошто дубал сүрөттүн ачылышы болду

Ош шаарында жаңы мурал пайда болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Кечээ, 11-августта Ош шаарында “Ош билим алууга тең мүмкүнчүлүк үчүн” аттуу дубал сүрөтүнүн ачылышы болуп өттү. Бийиктиги 5 кабаттуу жаңы арт объект шаардын кичи райондорунун биринде жайгашкан.

«Мурал билим берүүдөгү гендердик теңчилик маселелерине көңүл бурдуруу максатында тартылган.
Ар бир адамдын билим алууга укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Бул укук окуучулар ар кандай укуктарга, эркиндикке жана милдеттерге ээ экендигин билдирет. Бирок тилекке каршы, биздин өлкөдө кыздардын көп учурда ар кандай социалдык-экономикалык себептерден жана
стереотиптерден улам билим алуу мүмкүнчүлүгү тең укуктуу эмес. Мурал көчө маданиятынын жаркыраган элементи гана болбостон, өтүп бара жаткан ар бир адамга кыздардын окууга болгон умтулуусун колдоо маанилүү экенин эскертет»,- дешти.

Иш-чарага мэриянын, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, казыяттын өкүлдөрү ошондой эле активисттер, блогерлер катышты. Сүрөттүн авторлору жаш сүрөтчүлөр Вера Андрианова жана Арслан Нарынбеков.
Долбоордун идеясын Youth of Osh жана Роза Люксембург Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү колдогон.