Бүгүн, 21-сентябрда төкмө акын Азамат Болгонбаев кыздуу болду. Маалыматты акын өзү тастыктап, буларга токтолду.
“Келинчегим бүгүн саат 12лерде №4 төрөтканада көз жарды. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Эми бир уул, үч кыздын атасы болдум” деди Азамат Болгонбаев.
Ошондой эле, ымыркайга ысым тандай электигин кошумчалады.
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт
Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...









