Төкмө акын Азамат Болгонбаев кыздуу болду

Бүгүн, 21-сентябрда төкмө акын Азамат Болгонбаев кыздуу болду. Маалыматты акын өзү тастыктап, буларга токтолду.
“Келинчегим бүгүн саат 12лерде №4 төрөтканада көз жарды. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Эми бир уул, үч кыздын атасы болдум” деди Азамат Болгонбаев.
Ошондой эле, ымыркайга ысым тандай электигин кошумчалады.