Талант 60`K: «Кыз атасына жакын болот»

Кыргыз эстрада ырчысы Талант 60`K Рамиля аттуу көкүрөк күчүгү менен тааныштырды. Жашоодо өзүн олуттуу, сүрдүү алып жүргөн ырчы мырза кызынын алдында жумшак, көңүлчөөк, мээримдүү ата экенин көрсөттү.

«Кыз атасына жакын болот. Бир мисал айтайын, кызым жумушка кетип баратканымда мармелад ала келиңиз дейт. Мен уулум экөөнө бирдей алып келем. Кызым ачып мага биринчи берет, а балам болсо, алып кетип калат. Кыз бала биринчи өзүн эмес, атасын ойлойт экен. Кызым төрөлгөндө эле менин көкүрөгүмө жаткан», — деди ал.