Талант 60`K: «Кызымды ырчы кылгым келбейт, кийин кыйналып калабы деп ойлойм»

Кыргыз эстрада ырчысы Талант 60`K Рамиля аттуу көкүрөк күчүгү менен тааныштырды. Жашоодо өзүн олуттуу, сүрдүү алып жүргөн ырчы мырза кызынын алдында жумшак, көңүлчөөк, мээримдүү ата экенин көрсөттү.

«Кызды катуу эле кармаш керек. Азыр телефонду деле убактысы менен берем. Көчөгө ойногонго да убакыт менен барат. Кыз узатуу тойлорго барганда кызымды элестетип, көзүмө жаш келет. Дүкөнгө барганда да чогуу барабыз. Кийимди өзү тандайт. Кызымды ырчы кылгым келбейт. Кийин кыйналып калабы деп ойлойм. Гастроль, ысык-суук болгондо кыйналып калат. Уулум деле ырчылыкка кызыкпайт. Чоңойгондо доктур болом деп айтат», — дейт ал.