Талант 60К: «Ырдап тапкан гонорарды Айя экөөбүз тең бөлүшөбүз» (видео)

Эки жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыгын кайра чогуу улаган Талант 60К менен Айя Садырова SuperTV каналына маек беришти. Анда гонорар темасына байланыштуу суроого Талант мырза төмөнкүдөй жооп узатты.

«Бизде сен көп иштедиң, мен көп ырдадым деген нерсе болбойт. Ушул кезге чейин акча темасында экөөбүздө түшүнбөстүк болгон эмес. Тойго барып ырдагандан алган гонорарды 100 доллар болобу, 500 долларбы, чыгымдарды чыгарып туруп, экиге тең бөлөбүз. Айя акча деле сурабайт, ал жактан Кудайга шүгүр эле. Мен өзүм гонорарды тең бөлөм», — деди.