Таласта Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтүүдө

Бүгүн, 16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрда Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтүп жатат.

Андан сырткары Талас облусунун Бек-Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына акындын бюсту ачылды. Иш-чарага Маданият маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Азамат Жаманкулов, Эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев, манасчы, дастанчы төкмө акындар жана акындын айылдаштары менен бир катар маданият ишмерлери катышты.

Акын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Анын «Ак калпак», «Ашуудан берген отчётум» деген китептери колдон-колго өтүп окулган.