Таласта өткөн эл аралык айтышта Акматбек Султан уулу жеңүүчү аталды

Таласта өткөрүлгөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сорногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу багындырды.

Андан сырткары 1-орунду Темирбек Матыбаев, 2-орунду Абдылда Нуралиев, 3-орунду казак акыны Нурлыбек Курманов алды.

Эл аралык айтыш кечээ, 16-май күнү Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрында өтүп, таймашка жалпы 15 акын катышкан.