Тамада Арген Эсенбай уулу: «6 ай депрессияда жүрүп, күлгөндү унутуп калыптырмын»

«Тамакка той, салатка той» деп тойду өзгөчө алып барган тамада Арген Эсенбай уулу унаасы менен тааныштырды. Ошондой эле бир кезде мамлекеттик кызматта иштеген Арген мырза белчесинен карызга батып, депрессияга катуу кирген учурлары тууралуу айтып берди.

«5-6 ай депрессияда болдум. Итим менен сырдашып калдым. Ошол учурда карыз, андай-мындай болуп жүрдү. Анан башталды. Мен максатыма аз калган учур болчу. Апамдын туулган күнүнө жакшы жерден үй алам деп максат койгом. Ойлонбой жүрө берип 2 ай калыптыр. Эсептеп келсем эле жетишпей бара жатам. Бишкекти кыдырдым. 12-кичи райондогу VIP шаарчадан үй таптым. Санап берчү деле акчам жок. Кирип үйдү көрдүм. Байке менен сүйлөштүм. Колумда 196 миң сомум бар болчу. Ошол акчаны бердим да, калганын бир убакытты айтып, «кутулуп бүтөм» дедим. Алдым дагы күнү-түнү тыттык. Максатыма жеттим. Апама болгон белегим болду. Кыйраттым дегенден кийин иштерим жакшы болбой баштады. Келжеңдеп баштадымбы билбейм, карыздар чыгып, депрессия болуп кеттим. Үйдү кутулуп бүттүм. Мен ошол учурда күлгөндү унутуп калыптырмын»,- деди ал.