Тамада Арген Эсенбай уулу: «Жашагыңды келтирген, ал үчүн баарына даяр болгон сүйүүнү күтөм»

«Тамакка той, салатка той» деп тойду өзгөчө алып барган тамада Арген Эсенбай уулу унаасы менен тааныштырды. Ошондой эле бир кезде мамлекеттик кызматта иштеген Арген мырза белчесинен карызга батып, депрессияга катуу кирген учурлары тууралуу айтып берди.

«Мен сенсиз жашай албай калам» деген эч кимим жок. Мен мамилеге келгенде «грубыймын». Романтик эмесмин. Сүйөм, жакшы көрөм, бирок кыздарга ийилгим келбейт. Бирөөнүн аркасынан түшүп, гүл алып берген жигиттер бар го, мен андай эмесмин. Мен сүйүүнү башкача элестетем. Жашагың келип, томолонуп, ыйлап, ал үчүн баарына даяр болуп, мен ошондойду күтөм», — деди ал.