Тамада Арген Эсенбай уулу: «Кичине кезимде атама чалсам, аялы «болду чалба» деген»

«Тамакка той, салатка той» деп тойду өзгөчө алып барган тамада Арген Эсенбай уулу унаасы менен тааныштырды. Ошондой эле бир кезде мамлекеттик кызматта иштеген Арген мырза белчесинен карызга батып, депрессияга катуу кирген учурлары тууралуу айтып берди.

«Мен кичинекей кезимде атама «ата, кандайсыңар» деп чалсам аялы жооп берген. «Чалба болду» деген. Бир аздан кийин эле атам өзү чалып, туура эмес сөздөрдү айткам. Чоңойгондон кийин катышып тургула дегендин кажети кандай?» — деди ал.