Тамашоучу Самат Эркинбеков уулунун тушоосун кесип, той өткөрдү (видео)

Тамашоучу Самат Эркинбеков уулунун тушоосун кесип, той өткөрдү. Той Бишкектеги тойканалардын биринде болуп өттү. Эркинбеков жакшылыгы менен Инстаграмдагы баракчасына бөлүштү.

«Уулубуздун тоюн жакшы баштап алдык. Баскан кадамың байсалдуу болсун!» — деп жазды ал.

Тойго анын жакындары, сахналаштары, санаалаштары күбө болду. Тойканага ата-эне менен баланы ырчы Чолпон Талипбек «Тай-тай» ыры менен алып кирген.