Тарых жаратты. Баста Москвада 70 миң күйөрманын чогултуп концерт берди (фото, видео)

18-июнь күнү Баста каймана аты менен таанымал орусиялык рэп ырчы Василий Вакуленко Москва шаарында «Лужники» спорткомплексинде масштабдуу концерт өткөрдү.

Артисттин айтымында, концертке 70 миң билет сатылган. Концертке конок катары чакырылган Кыргызстандан чыккан «Город 312» тобу, Зиверт, Гуф менен биргеликте дуэт аткарылган. Финалында күйөрмандары сүйүп уккан «Сансара» ырын күйөрмандары менен кошо залды жаңырта ырдашкан. Бул концерт рэпердин карьерасындагы, деги эле Орусиянын тарыхындагы масштабдуу концерт болгондугу айтылат.

Маалыматка ылайык, Бастанын концерти 2020-жылдан бери жылдырылып келген.