Тарых музейинде “Кыргыз модасына таазим” көргөзмөсү ачылды

Улуттук тарых музейинде “Кыргыз модасына таазим” көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып сөз сүйлөдү. Ал ата мекендик дизайнерлерди жана мода индустриясын жайылтуу максатын көздөгөн мындай иш-чараны министрлик тиешелүү деңгээлде колдоого ала тургандыгын белгилеп, кыргыздын алгачкы кийимдеринин тарыхый үлгүлөрү, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин мода индустриясынын эволюциясы катары белгилүү болот деген ишенимин билдирди. Ошондой эле, министрлик Шоурум – “Саркеч үйү” менен өнөктөштүктө уюштурган алгачкы ийгиликтерден экендигин да баса белгиледи.

“Саркеч үйү” – 2014-жылы негизделген жана Кыргызстандагы дизайнерлерге өз продукцияларын илгерилетүүгө жана сатууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу аянтча.

Бүгүнкү күндө «Мода үйү» өлкөдөгү биринчи көргөзмө-рум болуп саналат. Шоурумдун негиздөөчүлөрү болуп, Сонун Нурманбетова жана Алтынай Рыскулова, ошондой эле Asylbashev Creative ЖЧКсы болуп саналат.