Ташкент шаарында «Кыргыз айылында» кыргыз ырлары жаңырды

Кечээ, 19-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында «Голубые купола» сейил багында эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдеген жана эки элдин ортосундагы тарыхый байланыштарга негизделген мазмундуу концерт өттү.

Иш-чаранын алкагында өзбек элине кыргыз элинин көркөм чыгармачыл өнөрү, оозеки чыгармачылыгы, улуттук фольклор, бий чеберчилиги жана кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Расмий бөлүктө сөз алган эки өлкөнүн маданият министринин биринчи орун басарлар калаа тургундары үчүн атайын даярдалган маданий программа боордош эки элдин ынтымагына жана орток тарыхына негизделип, достукту жана маданий мамилени жана бай маданий мурастар менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк ачып жатканын белгилешти.

Программага ылайык, Өзбекстан Мамлекеттик консерваториясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин концерти, Мукимий атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын “Саманчынын жолу” спектакли жана Ташкент шаардык “Голубые купола” маданий сейил багындагы “Кыргыз айылында” Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрүнүн гала-концерти. Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы өтөт.