«Тасмага тартылам деп ойлогон да эмесмин». Орус тасмасына тартылган Кыргыз жигит менен маек

Мындан бир ай мурда интернетте Кайратбек уулу Нурбол аттуу жигит роль ойногон Орусиянын «На близком расстоянии» тасмасынын тизери чыккан. Кийинчерээк тасманын режиссёру жигитти таппай жатканын айткан эле. Кечээ аны издеп жаткан режиссёр тапканы маалым болду. Кайратбек уулу Нурбол бир эле тасманын режиссёру эмес, аны менен маектешүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги да издеп жүргөн эле. 

«Режиссёр издеп жүргөндө мен Кыргызстанда болчумун» деген Нурбол биздин редакция менен маектешти.

— Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи?

Ош облусунун Сары-Булак айылынан болом, бирок Казакстанда төрөлгөм. 2001-жылкымын. Орусияда жүргөнүмө 2 жылдай болуп калды. 

— Сизди режиссер «байланышка чыкпай жатат» деп издеди эле. Ал учурда кайда болдуңуз? Эмне үчүн издептир?

Мени режиссер издеп жүргөндө Кыргызстанда болчумун. Кинофестивалга чакырайын дептир. Анан кичине звукозапись калган экен (күлүп). 

— Тасмага кантип тартылып калдыңыз?

Карантинде курьер болуп иштейт элем. Курьерлердин атайын сүйлөшө турган чаты бар болчу. Ал жерге режиссёр дагы катталган экен. Ошол жактан эле мени көрүп калып, жазып, киного тартылуу сунушун киргизишти. 

— Сиз менен тасмага тартылган актриса «ал жигит ким менен киного тартылып жатканын билген жок, бирок бат эле тил табышып кеттик» деди, чын эле ал айымдын белгилүү актриса экенин билген эмес белеңиз?

— Билгем. Бирок ага маани деле берген эмесмин. 

— Тасманын тизерине кыргыз ыр тандалды, буга сиздин байланыш барбы?

Негизи тизерге деген 4-5 ыр бар болчу. Ошол ырлардын ичинен «Ак-Өргө сити» командасынын «Дык-кын-дыш» ырын тандадым. Мен тандаган ыр десем болот. 

— Тасмага тартылган жактыбы? Дагы сунуш түшсө жообуңуз кандай болмок?

Ооба, тасмага тартылган абдан жакты. Макул болмокмун. 

— Актер болуу кыялыңызда бар беле?

— Жок, ал тууралуу ойлонгон да эмес экем. Бирок кино көргөндү жакшы көрөм. Өзүм спорт жаатында кетким келген.