«Тату» тобунун мурунку солисти Лена Катина миллионерге турмушка чыкты

Бүгүн, 16-июнь күнү кезинде дүйнөнү дүңгүрөткөн «Тату» тобунун солисти Лена Катина турмушка чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ленанын жолдошу орусиялык миллионер — Дмитрий Спиридонов. Бүгүн экөө шаан-шөкөт жок эле, жетелешип барып расмий баш кошуп алышкан.

Белгилей кетсек, Лена учурда 37 жашта. Александр аттуу 7 жашар уулун жалгыз тарбиялап келет. Быйыл 40 жаш юбилейин белгилеген жолдошу Спиридонов көп жылдан бери калкан безинин шишик оорусу менен жабыркап келет.