Телеалпаруучу Элмара Турсуналиева: «Арген Анжеликадан карыз алганы чын болсо, кесиптештер 1 сомдон чогултуп колуна карматабыз»

21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев жүрөк оорусунан каза болгон. Суук кабардан көп өтпөй ырчы Анжелика «Арген алган карызымды кечтим» деп соцтармактагы баракчасына жазып, элдин талкуусуна түшкөн. Ага карата телеалпаруучу Элмара Турсуналиева чыгармачыл топ менен кеңешкен чечимин соцтармактагы баракчасына жазды.

«Эгер чын эле (!) Арген ушундан акча алган болсо (кезектеги калпы эмес), ошончолук жалпы кыргызга жарыялаган соң, биз (чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештер) мындай чечимге келдик. Асел Осмонова, Асел Турдалиева, Турусбек Жумалиев, Сагынбүбү Ниязалиева, Толкун Орозобаева, Нурдөөлөт Копоев, Динара Акулова, Жыргалбек Шакиров жана сахналаштардын көбү 1 сомдон чогултуп догун арткан кызга берели. «Карызынан кечиртип» убара кылбай, колуна карматып коёбуз. Кезектеги хайпты эненин зар какшагынан, жаш адамдын сөөгү муздай электе жаратты», — деп жазды Элмара Турсуналиева.