«Чыгармачылыкты жыйыштырайын дегенде Кылычбек Султан колдогон». «Эмгек сиңирген артистин» алган Съездбек Искеналиев толкунданганын айтты

Бүгүн, 29-декабрь күнү «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамын алгандардын катарында ырчы Съездбек Искеналиев да бар. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине куттуктап чалгандар көп болуп, жооп берүүгө жетишпей жатканын билдирди.

«Мен наамды аларымды 3-4 күн мурун билдим. Бирок кечээ кечке чейин жарлык чыкпай жатканы үчүн болбой калдыбы деп сар-санаа да боло түшкөм. «Эмгек сиңирген артист» наамын алганыма абдан кубандым, толкундандым. Мен бала кезимден ырчы болом деген кыялым болчу. Ата-энем да мени келечекте атагы чыккан чоң ырчы болсо экен деп тиленип жүрүп өтүштү. Азыр алар жок болсо да, тилеги ишке ашканына кубанып отурам.

2006-жылы жеке концертимди берем деп банкрот болуп, чыгармачылыкты жыйыштырууну чечкем. Ошондо Кылычбек Султан өзү жеке мага жолугуп, сени колдойбуз, чыгармачылыгыңды таштаба деп абдан чоң колдоо көрсөткөн. Ал кишинин да азыркы деңгээлге жетишиме чоң салымы бар. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Азыр 100-150 чакты ачылбаган билдирүү, чалуулар бар. Телефонум жарылып кетейин деп жатат. Баарына жооп берүүгө жетишпей жатам», — дейт кубанган Съездбек мырза.