Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Ал эми аталган театрдын буга чейинки директору Курсант Абдрахманов которуу жолу менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.