Орусиянын Псков шаарында өткөн «Батыш дарбазалары» аталыштагы эл аралык кинофестивалда «Акыркы көч» тасмасындагы ролу үчүн маркум актёр Марат Алышпаев («Башкы ролду мыкты аткаргандыгы үчүн») Ардак грамотага татыды. Бул тууралуу «Акыркы көч» тасмасынын режиссёру Дастан Жапаров маалымдады.
«Псков шаарында өткөн «Батыш дарбазалары» эл аралык кинофестивалында «Акыркы көч» тасмасы атайын призге жана Марат Алышпаевдин ролу үчүн Ардак грамотага татыды. Алышпаевдин сыйлык алганына өзгөчө кубандык. Ал мыкты эмгеги үчүн көп сыйлыкка татыктуу. Тилекке каршы, приз ал киши көз жумгандан кийин болуп калды. Алышпаев эмгегинин баалангандыгын билбей калды», — деди Жапаров.
Апрель айында Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев 74 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.