Тойдо Ёма вайнердин «шилекейин агызган» бийчи кыз: «12 жылдан бери бийлейм»

Ушул жылдын февраль айында Ошто тойдо вайнер Эмил Токтошев менен бийлеп, көпчүлүккө белгилүү болгон бийчи кыз эсиңиздеби? Анын аты Айдай Бекенова, ал 20 жашта. “Ошол видеодон кийин мени көчөдөн таанып калышты” дейт бийчи кыз.

«Мен 12 жылдан бери бийлеп келем. Учурда өзүмдүн бий группам бар. Мурда «Элиме» бий тобунда бийлечүмүн. Ошол кезде сынак болгон. Сынакка бийчилерди да чакырышкан. Мен топтун атынан бийлегем. Ошондон кийин видео тарап кетти. Эртеси турсам ТикТокто жылдыз болуп кетиптирмин», — дейт ал.