Тойдо Ёма вайнердин «шилекейин агызган» бийчи кыз: «Эмил Токтошев менен Максат Усеновду ошол күнү байкабай, эртеси видеодон көрдүм»

Ушул жылдын февраль айында Ошто тойдо вайнер Эмил Токтошев менен бийлеп, көпчүлүккө белгилүү болгон бийчи кыз эсиңиздеби? Анын аты Айдай Бекенова, ал 20 жашта. “Ошол видеодон кийин мени көчөдөн таанып калышты” дейт бийчи кыз.

«Ошол тойдо 1-орун алгам. Мен Орусияда төрөлгөм. Ошко 5 жашымда келгем. Өзгөндөн болом. Бийге кичинемден бери эле кызыгып жүрчүмүн. Мени болбой эле пианиного беребиз дешти. Мен болбой бийге келип алгам. Ушул залда жүргөнүмө 12 жыл болду. Мен бийлегенде таптакыр элди карабай бийлегем. Эртеси видеодон Эмил байке (ред. Токтошев) менен Максат (ред. Усенов) байкени көрдүм. Ал жактагылардын кол чапканын да уккан жокмун. Абдан толкундангам», — дейт ал.