Тойдо Ёма вайнердин «шилекейин агызган» бийчи: «Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу хореографияга тапшыра албай калдым»

Ушул жылдын февраль айында Ошто тойдо вайнер Эмил Токтошев менен бийлеп, көпчүлүккө белгилүү болгон бийчи кыз эсиңиздеби? Анын аты Айдай Бекенова, ал 20 жашта. “Ошол видеодон кийин мени көчөдөн таанып калышты” дейт бийчи кыз.

«Биздин үй-бүлө чакан эле. Апам, байкем, анан мен. Байкем өзүмөн эки жаш улуу. Учурда аскерде. Азыр мен 4-курста дизайнерликте окуйм. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу хореографияга тапшыра албай калдым. Буюрса, магистратурада ошону тандайм. Мени кыз кишисиң деп, Бишкекке жөнөтпөй коюшкан», — деди ал.