Тойдон чыгып Портер айдап кеткен Роза Шакированын видеосу тарады (видео)

Социалдык тармактарга ырчы Роза Шакированын тойдон кийин кооз көйнөгү менен Хёндай Портер үлгүсүндөгү унаага отуруп айдап кеткен видео тараган. Адатта ырчыларды кооз, кымбат баалуу унаалар менен көргөн элге Роза айымдын Портер айдап жүргөнү кызык көрүндү. Ырчы видео тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Кечээ тойго Портер үлгүсүндөгү унаа айдап барган элем. Кесиптешим, тамада Нурдөөлөт Копоевди үйүнө жеткирип, андан соң өзүм үйүмө аман-эсен келип алдым», — дейт Роза Шакирова.