Төкмө акын Азамат Болгонбаев жаңы кызматка дайындалды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды. Маалыматты SUPERTV`га Азамат Болгонбаев тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

“Бул театр эгемендүүлүк менен катар эле негизделген. 30 жылдан бери кыргыз искусствосуно зор салым кошуп келе жаткан инсандар эмгектенет. Бүгүн министрдин буйругу менен жамаатка тааныштырылдым. Учурда бул театрда жасай турган иштер, баш салып иштей турган көйгөйлөр көп. Алардын бири – учурда театрдын имараты жок. Бул көйгөйдү да чечүү керек. Буюрса чын дилимден кызматымды кылам”, — дейт ал.