Төкмө акын Баян Акматов «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамы менен сыйланды

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Баян Акматов “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы менен сыйланды. Бул тууралуу «Манас» театрынан билдиришти.

Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте «Манас» театрынын имаратынын ачылышы болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты.