Төкмө акын Идрис Айитбаев уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Бала жытын жыттоо ар бир үй-бүлөгө насип кылсын. Сүйүнчү, достор уулдуу болуп кубанычымды бөлүшүп жатам. Урпагымды улай турган, абалымды сурай турган, кадырымды биле турган, бейишке жетелеп кире турган, Ала-Тоого күйгөн, Кудайды сүйгөн, бактылуу, өрнөктүү, ыймандуу, ырыскылуу, адептүү, илимдүү, ден-соолугу бекем, сөзгө чечен, Куранды жаттаган, кыргыз эли мактаган уул болсун. Устаттардай улуу жана сулуу болсун», — деп жазды ал.
Былтыр СуперТВ каналы Идрис Айитбаевдин үйүнө конокко барып, акын жана анын айдай сулуу 3 кызы менен маектешкен.