Төкмө акын Замир Үсөнбаев тууралуу документалдык тасма тартылууда

Кыргыз Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык юбилейине карата тууралуу документалдык тасма тартылууда. Бул тууралуу акындын шакирти, төкмө акын Азамат Болгонбаев социалдык баракчасына жазып чыкты.
«Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, улуу устатыбыз Замирбек Үсөнбаев тууралуу документалдуу тасмага Эмгек сиңирген артист, режиссёр Мурат Мамбетов режиссёрлук кылууда.
Улуттук «Манас» театрынын жалпы жамааты тасманын жыйынтыктоочу бөлүгүндө залкарды даңаза кылып турду»,— деп жазган Болгонбаев. 
Тартуу учурундагы видеого ылайык, төкмө акындар Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучев Замирбек Үсөнбаевге арнап ырларын аткарышкан.