Төкмө акындардын айтышында Асылбек Маратов баш байгени жеңди

Кечээ, 27-ноябрда Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү.

Айтыштын тандоо турунан өткөн 14 акындын ичинен Асылбек Маратов баш байгеге ээ болуп, 150 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу (120 миң сом), экинчини Мамбеттокто Мамбеторозо (100 миң сом), үчүнчү орунга Баян Акматов татыды (80 миң сом). Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды. Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.