Токмокто концерт өтүп, «Ялла» тобу, Наргиз Закирова конок болушту (видео)

Кечээ, 17-июнь күнү Токмок шаарында «Интергласс» айнек заводунун 20 жылдык юбилейине карата өзбекстандык жана кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын коштоосунда чоң концерт болуп өттү.

Концертке Өзбекстандык легендарлуу «Ялла» тобу, ырчылар Наргиз Закирова, Насиба Абдуллаева жана кыргыз эстрада ырчылары Курал Чокоев, Арсен, Юлия Руцкая жана башкалар катышты.