«Төкмөлүк эмес, тигүүчүлүк менен жан багам» дейт төкмө акын Эламан Келдибеков

Төкмө акындар Эламан Келдибеков менен Изат Айдаркулова SUPER TV`га маек курду. Бирде айтышып, бирде тийише сүйлөп, көптөгөн айтыштарда өнөктөш катары чыгышкан ак таңдай акындар бул ирет өздөрү, төкмөлүк өнөр, устаттары тууралуу айтып беришти.

Сөз арасында Эламан Келдибеков “Мен төкмөлүк өнөр менен жан бакпайм. Керек болсо тескерисинче төкмөлүк өнөрдү мен багышым керек. Ал эми жашоо-турмушума тигүүчүлүк жумушумдан тапкан каражатым жетет. Азыр пандемияга байланыштуу жумуш анча болбой калгандыктан, чет өлкөгө барып иштесемби деп ойлонуп жатам” дейт.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз: