Ырчы Токтобек Асаналиевдин атасы дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиевдин атасы дүйнө салды. Маалыматты ырчынын жакындары тастыкташты. Маалым болгондой, ырчынын атасынын сөөгү эртең, 11-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жерге берилет.

SUPERTV’нын эмгек жамааты Токтобек Асаналиевге жана анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.