Токтогулда тайгандардын эл аралык этнофестивалы өттү (сүрөт)

Кечээ, 26-июнь күнү Токтогул районунун Үч-Чат жайлоосунда “Каракуштун мекени” аттуу тайгандардын эл аралык этнофестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Иш-чарага Маданият министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, “Кыргыз тайганы клубунун” жетекчиси Болот Мураталиев, белгилүү тайганчылар жана атайын келген коноктор катышышты. Фестиваль концерттик программа менен коштолуп, атайын тайгандардын көргөзмөсү жана тайган салуу менен коштолду.

Улуттук тарых музейинде “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмө 15-июнда старт алган жана 30-июнга чейин уланат.