«Толгонай биздин шеринелерде тамада болуп чоңойду» дейт Арзыкееванын чоң апасы

Ырчы жана актриса Толгонай Арзыкеева бала кезинен чоң ата, чоң апасынын колунда өсүп, алардын тарбия-таалимин алган кыз. Ырчы алар тууралуу “Менин чыгармачылыгыма опол-тоодой салымы бар адамдар. Мени дайым колдоп, түшүнүп турушат” дейт.

«Толгонай биринчи неберебиз. Аябай сүйүнүп, белгилегенбиз. Анан эле жарык өчүп калды, бирок жарык болуп турду. Карасак, Ай толуп туруптур. Анан кызыңардын атын Толгонай койгула деди. Ошентип атын Толгонай коюп алдык. 9 айында басып, 1 жашында сүйлөдү. 2 жашында ырдап калды. Шеринем бар болчу, ошол жакка эле ээрчитип жүрчүмүн. Ырдап берчү, анан отургандардын баарын ырдатып, тамада болчу», — деди чоң апасы.