«Толгонайдын аркасы менен көп жерге бардык» дейт чоң апасы

Ырчы жана актриса Толгонай Арзыкеева бала кезинен чоң ата, чоң апасынын колунда өсүп, алардын тарбия-таалимин алган кыз. Ырчы алар тууралуу “Менин чыгармачылыгыма опол-тоодой салымы бар адамдар. Мени дайым колдоп, түшүнүп турушат” дейт.

«Толгонай бизди көп жерге алып барды. Неберебиздин аркасы менен көп жерге бардык. Кафе, ресторандарга алып барат. Ырчы кыздын чоң апасы болуу өтө сыймык. Сага көңүл буруп жатышса, жүрөгүң жылыйт»,- деди ал.