Том Круз жаңы мамилесин ачыктады

Америкалык актёр Том Круз жаңы мамилесин ачыктады. Анын күйөрмандары актриса Хейли Этвелл менен болгон мамилени кызуу талкуулоодо. Круз аны менен “Аткарылбаган миссия” деген тасмада чогуу роль жараткан. Фильм тартып жаткандагы чыгармачылык топтун айтымында, актёр өзүнөн 20 жаш кичүү Хейли менен болгон романтикалык мамилесин жашырууну таптакыр токтоткон. Ошондой эле алар акыркы учурларда кол кармашып, Лондондун көчөлөрүндө жүргөндүгүн күйөрмандары сүрөткө тартып, интернет тармактарына таратышкан.

Белгилей кетсек, актёр мындан жети жыл мурун Кети Холмс менен үйлөнүп, ортолорунда Сури аттуу кызы бар. Андан бери актёрдун туруктуу мамилеси боло элек болчу. Актёрдун айтуусунда көптөн бери турмушка чыга турган олуттуу кыз издеп жүргөн, бирок бир дагы кыз саентологиялык кураторлору тарабынан жактырыла элек болчу.