Төрт уулдан кийин! Эрмек Нурбаев кыздуу болот

Учурда АКШда жүргөн шоумен Эрмек Нурбаев жакында кыздуу болот. Кубанычтуу кабарын ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Чет жерде жүрсөк дагы, оюбуздун баары — ата-эне, үй-бүлө жана мекенибиз — Кыргызстан жөнүндө! Бул ирет убакыт таап, балдарыма «шоппинг» кылдым. Колумдагы эки баштык төрт уулума, үч баштык болсо кызыма!

Чолпон, берекем менин, аман-эсен көз жарып ал!

Сүйүнчү достор! Кудай буюруса, кыздуу болобуз. Кыздуу болорумду уккандан кийин, төрт “черепашкаларым” экинчи планга өтө тургандай болуп жатат.

Негизи, кыз менен уулдун айырмасы кандай? Тажрыйбалуу аталар, оюңар менен бөлүшкүлө.

Балдар — биздин келечек! Ал эми аларды бактылуу кылуу, туура тарбия берүү биздин милдет! Балдарымдын келечеги үчүн, бардык нерсеге даярмын!”, — деп жазды ал.

Айта кетсек, Эрмек Нурбаев менен жубайы учурда 4 уулду тарбиялап келишет.