Актриса, Жамал Сейдакматова атындагы «Туңгуч» театрынын жетекчиси Асел Чоткараева «Жесир» спектакли менен Астана шаарындагы фестивалга катышып жатышканын билдирди.
«Астана шаарында казак элинин таланттуу калемгерлеринин бири, драматург, жазуучу Роза Муканованын 60 жылдык мааракесине арналган анын драмаларынын негизде коюлган спектаклдерден турган III эл аралык театр фестивалына чакыруу алганбыз. Биз фестивалга Мухтар Ауезовдун «Жесир» спектакли менен катышып жатабыз. Режиссёру Арнис Кыдырмышев, башкы ролдо актриса Альбина Имашова. Жеке театр болгондуктан ар кайсы теардан актёр, актрисаларды чакырдык. 30-октябрда саат 19:00дө көрсөтүлөт. Кирүү акысыз», — деген актриса Астанадагы кыргызстандыктарды көрүп кетүүгө чакырды.