Турмуш жолуна аттанып жаткан Айзада Жамгырчиева көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына сөйкө салуу салты болуп өткөнүн жазып, видео менен бөлүшкөн.

Бүгүн, 19-апрелде соцтармактагы баракчасында көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Ал куттуктоо жазгандарга ыраазычылык билдирип, купуя катка жооп бере албай калса, кечирим сурады.

«Жолдошум экөөбүздүн жаңы жашообузга колдоо, каалоо жазган досторума алкыш. Үй-бүлөлүк жашоого аттанып жатып, көп берилип жаткан суроолордун бир нечесине жооп берип кетейин деп чечтим», — деп жазды ал.

Жолдошуң кыргыз эмеспи?
— Нукура кыргыз 100%. Атты сүйгөн, кыргыз элине өзүнүн тармагында кызмат кылган, баатыр от жигит.

— Чын эле турмушка чыктыңбы же пранкпы?
— Жок, чын! Алланын буйругу менен.

— Той качан?
— Азыр мен жеке жашоомо жана окууга байланыштуу АКШдамын. Кыргызстанга келгенде буюруса болот…

— Жолдошуңду көрсөт да?
— Жолдошум чыгармачылыктан алыс жана жарнама болгусу келбейт. Демек мен анын тандоосун сыйлам!