«Туулган күнүнө сюрприз жасадым». Ырчы Мурадил Данияров жакында ата болот (видео)

Ырчы Мурадил Данияров жана жубайы Мээрим Аттокурова тун перзентин күтүшүүдө. Бул тууралуу маалыматты ырчы мырзанын жубайы социалдык баракчасына маалымдады.

«Жолдошумдун туулган күнүнө өзгөчө сюрприз жасадым. Ооба, мен кош бойлуумун. Биз кыз күтүп жатабыз. Биз тун перзентибизди абдан күттүк» деп жазган жубайы.