Түгөлбай Казаковго 73 жаш курагын куттуктап аргымак тартуулашты

Кечээ, 28-майда Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргыз эл артисти, «Манас» орденинин ээси, кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздорунун устаты Түгөлбай Казаковдун туулган күнүн утурлай күйөрмандары менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечеге маданий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, театр жамааты жана Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгынын күйөрмандары катышты.

Кеченин жүрүшүндө Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жалпы жамааты жана замандаш инилери, шакирттери 73 жаш курагын куттуктап аргымак мингизди. Жолугушуу концерт менен коштолду, кеченин аягында келген күйөрмандардын суранычы менен Түгөлбай Казаков таланттуу жигиттердин коштоосунда “Жамгыр төктү”, “Алтын балалык” чыгармаларын бирге ырдады.