Тынар Курбаналиев: «Алайга концерт менен барсак, сахнанын жарыгын бербей кыйнашты»

Алай жергесине концерт менен барсак, «мага жогору жактан буйрук болгон» деп сахнанын жарыгын бербей жаман кыйнады. Бул тууралуу куудул Тынар Курбаналиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу Алай районунун жетекчилери, бизди сыйлабасаңар дагы элди сыйлап коюңуздар, ушуну менен экинчи жолу ушундай бут тосуу болуп жатат, уят», — деп жазды ал.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканыбызда, концертке баргандар ызы-чуу кылган соң жарык берилип, концерт үзгүлтүккө учурабаганын айтты. «Балким, биздин сатираларыбыз бийликтегилерге жакпай жаткандыр», — деди ал.