«Тынч океандын жээгинде». Ассоль Молдокматованын сүйүктүүсү колун сурады

Коомдук ишмер, алып баруучу Ассоль Молдокматованын сүйүктүүсү Бекназар Жамангараев колун сурады. Бул тууралуу алып баруучу соцтармактагы баракчасына жазды.

«14-февралда Тынч океандын жээгинде шакек тагып, расмий түрдө колумду сурады. Жашоого бирге аттандык»,- деп жазды ал.

Мындан бир ай мурда Ассоль Молдокматова жакында турмушка чыга турганын жарыялаган. “Биз бактылуубуз. Болочоктогу жолдошум Бекназар Жамангараев экөөбүздүн сүйүүбүз, үмүтүбүз чоң. Жакында той”, — деп жазган ал.